Казакстанда 3 Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылып, алардын бири каза болду

Казакстанда 3 Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылып, алардын бири каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 22-июль күнү катталып, анда ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү жеңил унаа менен жүк ташыган унаа сүзүшкөн. Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу 1989-жылы туулган Кыргыз жараны Эрнис Мураталиев каза таап, дагы 3 адам ооруканага түшкөн. Жеңил унаанын ичинде 4 адамдын үчөөсү Кыргыз жараны, бири Орусиянын жараны болгон.

Айрым маалыматтар боюнча, жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulum91
2017-07-26 18:35:58
Кудай сактасын кыргыз элимди.
+1
munduz2016
2017-07-26 20:58:17
кырылып бүтмөй болдук авариядан.
0
Kaldar82
2017-07-27 00:01:55
Булар менин оюмча Россиядан баратышкан Кыргызстанга
0
jamilya03
2017-07-27 18:39:24
Админ сиздерден сураныч жабыркагандардын аты жонун тактап бергилечи сураныч.(рахмат).
+1
admin_superstan
2017-07-28 10:28:16
jamilya03, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Кенжебай Сатканалиев
2017-07-28 12:08:45
jamilya03, Тышкы иштер министрлиги билдиргендей жабырлануучулар өздөрү алардын аты-жөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарбоону суранышыптыр. Ага байланыштуу алардын аты-жөнү айтылбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан