"Евровидение 2018" сынагы кайда өтөрү белгилүү болду

“Евровидение 2018” ыр сынагы Лиссабондо өтөт. Бул тууралуу сынактын расмий сайты жазып чыкты.

“Бүгүн сынакты өткөрүүчү шаардан расмий түрдө жооп келди. “Евровидение 2018” сынагынын жарым финалы Португалиянын борбору Лиссабон шаарында 8-10-майларда өтсө, финал 12-майга пландалууда”, - деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, быйылкы жылы сынактын жеңүүчүсү деп португалиялык ырчы Сальвадор Собрал табылган.

“Евровидение” эл аралык ыр сынагы 1959-жылдан тарта уюштурулуп келет. Жылына бир жолу өткөрүлсө да, анын көрүүчүлөрү 600 миллиондон ашып, сынак бир канча өлкөлөрдө түз эфирде көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaken08
2017-07-26 15:36:22
Португалия окулу женип жатса албетте Лиссабондо отот да..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан