Динара Акулова: "Маликаны чыгармачылыкка аралаштырбай эле койсом болмок деп калдым"

Саналуу мүнөттөрдөн соң Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сизди кызыктырган суроолорго жооп алсаңыз болот. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып калтырсаңыз болот.

Оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер ыйгарылат. Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор конокко узатылбайт.

15:00. Ырчы түз эфирдеги маегине кечигүүдө.

15:36. Динара Акулова SUPER.KG порталынын кеңсесине келди. Анын түз эфириндеги маеги башталды.

15:42. Ырчы небересин карап жатып кечигип келгенин айтты.

15:47. Ырчы сахнага алгачкы жолу качан чыкканын, андагы сезимдерин айтып берип жатат.

15:48. Ырчы неберелеринин эң улуусу 1-класста окуй турганын айтып жатып көзүнө жаш алды. Акыркы учурда болгон окуядан улам кызы Маликаны "чыгармачылыкка аралаштырбай эле койсом болмок деп ойлоп кетем" деди.

15:50. "Ар бир ата-эне балдарын жакшы болсо экен деп тилек кылат. Кыздарымды жалгыз чоңойтконум үчүн өксүп калбасын деп, эч нерседен кемитпей чоңойтконго аракет кылдым. Калган ыйман-ынсап, акыл-эсти Кудайым өзү берсин", - дейт ырчы.

16:00. Суроо: Бир күндө канча тойго барасыз? "Ставкаңыз" канча?

"Той ээлеринин шарттары, социалдык абалдары ар кандай. Андыктан сүйлөшүп алып ар кандай суммадагы акчага ырдап берем".

16:02. "Сен чын эле Абдумаликти сүйдүң беле?" - деп суроо берип, сүйүүсүн билдирген окурманга ырчы төмөндөгүчө жооп берди:

"Абдумалик экөөбүз элдин алдына кош жылдыз болуп чыгып, өнөрүбүздү тартуулап жүрдүк. Кыздуу болдук, неберелеримди жыттап бактылуу болуп отурабыз. Бара-бара тил табыша албай, бирге боло албай калдык. Каякта жүрсө дагы бактылуу болсун".

16:07. Суроо: Малика Дубайдан келгенде аны суракка алышты. Ошол учурда моралдык жана материалдык жактан жардам бергендер болдубу?

"Эч бир инсандын башына кыйынчылык келбесин. Ошол учурда моралдык жана материалдык жардам берген эч ким болгон жок. Достор жамандык менен жакшылыкта билинет дешет, айланам бир топ иргелип, бир эле досум калды. Бардык балдар ата-энелери менен бирге бактылуу болсун".

16:10. Суроо: Анжелика менен Айчүрөк Иманалиеванын талашына ак же көк деген жоксуз? Анжеликанын апасы сизди жамандайт дешет, ошол чынбы?

"Анжеликанын апасы менен дагы, Айчүрөк менен дагы жакшы мамиледемин. Эки ырчы сырларын ичине катып, элдерди аралаштырбай эле маселени ордуна коюшса болмок. Алар үчүн көптөгөн күйөрмандарынан кечирим сурайм. Экөөнүн эне-баладай болуп, жакшы мамиледе калышын каалайм", - дейт ырчы.

16:13. Суроо. Маликага карата кылмыш иши токтогонун билебиз. Бирок ошол убакта Маликанын жанында жүрүп, башын айлантып, отургузуп кеткен дос болумуш эткен алдамчыларга сиздер тараптан кандай чара көрүлүүдө?

"Чынында эле кызым менен дос болумуш болуп жүргөндөр чет өлкөгө качып кетишти. Аларга чара көрүлөт. Бир гана Кыргыз өлкөсү эмес, дүйнө жүзү боюнча издөө салынды. Маликанын бул жерде күнөөсү жок экендиги аныкталып, иши жабылды. Малика учурда чет жерде".

16:18. Суроо: Эркек балалуу болсом деп ойлонгон эмес белеңиз?

"Үйдө эркек баланын орду башка, кыздыкы башка. Мен эркек бала багып алуу үчүн 5-6 жыл издедим. Багып алуу татаал экен, өзүнүн талаптары болот экен. Бир жолу өзүмдүн бир тууганым "башка жактардан бала издебей, өзүңдүн кыздарың төрөсө бирөөнү алып бакпайсыңбы" деп калды. Ошол эле жылы Юсуф аттуу неберелүү болдук. Аны атасы да, апасы да берчүдөй эмес. Бирок баары бир ал меники", - дейт ырчы.

16:25. Ырчынын "Ай кызым" ырынын клиби көрсөтүлүп жатат.

16:30. Ырчы алпаруучулар дайындаган логикалык суроолорго жооп берүүдө.

16:44. Суроо: Шайыр Касымалиева экөөңүздөрдүн тагдырыңыздар окшошуп кетет. Учурда мамилеңиздер кандай? Абдумалик байке менен өмүр сүрүп эмне таап, эмне жоготтуңуз?

"Мен Шайырга дайыма ак жол, бакыт каалайм. Жердеш катары дагы аябай урматтап, сыйлайм. Шайыр менен Абдумалик ажырашып кеткенден бир топ убакыттан кийин гана кайненем жолдошум менен тааныштырып, колумду сурап келишкен. Бир атадан Шайырда бир кыз, менде бир кыз бар. Бир жакшылыкта Шайыр экөөбүз жолугуп калып: "Мээрим менен Малика бири-бирине куюп койгондой окшош экен. Бир ата, бир энеден жаралгандай. Экөөнүн эже-сиңди болуп жүрүшүнө кандай дейсиз?" деп сурады. Мага бул сунушу жакты, макул болдум. Экөө азыркыга чейин жакын мамиледе. Абдумалик жөнүндө эч кандай жаман нерсе айта албайм. Кайсы жакта жүрсө аман болсун, бактылуу болсун".

16:55. Суроо: Эгерде кайрадан дүйнөгө жаралсаңыз эмнелерди өзгөртмөк элеңиз?

"Мектептен баштап ушул күнгө чейин бардык нерсени өзгөртөт элем".

17:03. Ырчы гвоздика гүлүн чыйраактыгы үчүн жакшы көрөрүн айтып, айымдарды күчтүү болууга чакырды.

17:05. Динара Акулованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги жыйынтыкталды.

Д.Акулова: "Маликаны чыгармачылыкка аралаштырганыма өкүнөм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
aydinnur
2017-07-26 15:59:52
Динара эже саламатсыз!сиз мага 2008-жылдан бир кол тамга карызсыз,Атамбаев,Текебаевдердин митингине келип ырдап кетип баратканда кагаз таппай калганбыз,ошону качан бересиз))?андан бери 3 балалуу болдум...
+4
dinamo7
2017-07-26 16:04:42
Динара эже, саламатсызбы? Ишиңизге ийгилик болсун! Ушуну абдан билгим келет. Эгер эсиңизде болсо 1995-жылы сентябрь айында Жумгал жергесине гастролдоп баргансызбы? "Акулова концерт коюп келип ошол адамдай болсун деп атыңды койгонбуз" деп калышат?
+2
Rabiga
2017-07-26 16:09:47
Динара эже, сиз эмоцияналдуу адам экенсиз эми көзүӊүзгө жаш алганда эне катары сизди түшүнүп жүрөгүм менен колдоп, сизди кучактагым келди. Баары жакшы болот. Сиз күчтүү болгон үчүн ушул ийгиликти жаратып, атыӊызды алыска чыгарып КРнын сыймыгысыз.
+3
Rabiga
2017-07-26 16:16:26
Жакшы адамдардын башында сыноо көп болот деп коет. Сиздин ыйлаганыңызды көрүп жаман болдук. Бул ишти бүтүрүш үчүн көп суммадагы акча бериптирсиз. Эмнеге сиз мойнуңузга алдыңыз? Маликанын ошондо жанында жүргөн достору деле акча берип, чыгарып кетүүгө жардам берсе болбойт беле?
0
Razzak.kg
2017-07-26 16:18:35
Саламатсызбы? Биз да синдимдин атын сиздин атыныздан койгонбуз, себеби ал торолоордо сиз айылга концерт коюп барган элениз, кийин ал мектепке барганда билсек классында 4 Динара бар экен. Ошондо сизге Лилия гул берип аябай суйунгон элем. Ден соолук каалайм! Неберелериниздин урмат сыйын корунуз!!!
+2
Mumu1986
2017-07-26 16:23:34
Мына алпаруучулар, ойду- тоону тантырай бербей , жакшына суроо берсенер. Форумчулардын суроолорунчада жок. Даярданып, создорду жаттап алатда.
+2
Epke
2017-07-26 16:46:46
Алпаруучулар Максат, Нуржан кунт коюп суроону окусаӊар. Силерди коногуӊар оӊдоп жатат.
+4
Ananasky
2017-07-26 16:53:15
Динара эжеке сизди абдан сыйлаймын, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм бар болунуз.
+1
stimyl.kg
2017-07-26 17:12:51
Динара эжэ уйбулонуздо тынчылык бейпилдик болсун. Ардайым денсоолукта болунуз.
Неболду буттубу майек???кечигип калыптырмынго)))
+2
admin_superstan
2017-07-26 17:25:14
Epke, Mumu1986, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
asankulov12
2017-07-26 17:34:10
super.kg Эмне учун Атамбаевге берген суроосу учун кызматкеринерди жумуштан алдыныздар? [moderated]дай болобуз деп коркуп кеттинерби? Ал берген суроодо эч кандай коркунуч жокко деп ойлойм.
+10
taalay25
2017-07-26 18:22:29
Да коп суулар агыптыр
+1
B.GULNARA
2017-07-27 08:07:11
Менин жолдошун телевидениеде иштейт. Динара Эжени аябай мактап калганын уктум эле. Ырчылардын арасынан Ото жонокойу деп, шайыр эже, кулуп эле журо берет деп. Эже бар болунуз, Аман болунуз. Ар дайым жаркылдап журо бериниз!
+1
temirov.2013
2017-07-27 10:28:23
Динара эжени мен да аял катары эне катары аябай баалайм.Бар болунуз кыздарыныздын кызматын неберелериниздин жакшылыгын коруп журо берин.
0
Zarijun
2017-07-27 22:32:38
Салам Супер инфо! Майсалбек Бокоев ден дагы интервью алыныздарчы? Сураныч.
0
admin_superstan
2017-07-28 10:11:30
Zarijun, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан