Индияда 4 кабаттуу үй урап, 17 адамдын өмүрү кыйылды

Индиянын Мумбай шаарында 4 кабаттуу үйдүн имараты урап түшүп, 17 адам мерт кетти. Окуя кечээ, 25-июлда орун алгандыгын чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, үйдүн ичинде батирлерден тышкары менчик медициналык клиника жайгашып, ошол учурда клиникада бейтаптар да болгон.

"Урандынын астында 30дан ашык адам калган. Азырынча алардын 11и аман куткарылды. Куткаруучу топ кырсык болгон жерде иш алып барууда. Үйдүн урашынын себептери иликтенүүдө. Индияда курулуш эрежелери сакталбагандыктан имараттардын урашы көп кездешет. Өзгөчө июль айынан сентябрь айына чейин бул өлкөдө тынымсыз жаан жааган учурда мындай кырсыктардын саны арбыйт. Дал ушул 4 кабаттуу үйдүн имараты ураган кезде Калькутта шаарында дагы имараттын бир жак капталы урап 2 адамдын өмүрүн алган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан