Белгилүү машыктыруучу Хосеп Гвардиола трансферлерге короткон акчасы 1 миллиард еврого жетти

Дүйнө жүзүнө белгилүү "Манчестер сити" футболдук клубунун машыктыруучусу Хосеп Гвардиола 9 жылдык карьерасында трансфердик сарптоолорун 1 миллиард еврого жеткирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, ал өз курамасына коргоочу Бенжамен Мендини 57,5 миллион еврого сатып алып, карьерасында трансфердик коротууларынын санын 998,4 миллион еврого жеткирди.

Хосеп Гвардиола 2016-жылдан баштап "Манчестер сити" футболдук клубун машыктырат, ал клуб менен азыркы убакытка чейин трансфердик төлөмдөрүнө 453 миллион евро сарптаган. "Бавария" клубун машыктырып жүргөн кезинде 203 миллион евро коротсо, "Барселона" клубу менен 341 миллион евро короткон. Хосеп Гвардиоланын эң кымбат трансфери Златан Ибрагимович болгон, ал 2009-жылы "Барселона" курамасына 69,5 миллион еврого өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
clay
2017-07-26 16:07:34
Эн аз это Бавария менее коротуптурда.

Немистер билет эмнеге веса коротушту.))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан