Баткенде 34 жаштагы жаран суу сактагычка чөгүп кетти

Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычына 34 жаштагы жаран чөгүп кетти. ӨКМнын Баткен облусундагы башкармалыгынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси бүгүн эртең менен табылды.

"1983-жылы туулган райондун тургуну 25-июль күнү түнкү саат 22:10до суу сактагычтагы сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Бүгүн, 26-июлда куткаруучулар тобу тартылып, саат 09:10до чөгүп кеткен адамдын жансыз денесин суудан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BakytAliev
2017-07-26 17:14:01
Тундо да сууга тушот беле анан. Жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан