Бишкек шаарынын тургуну 6 килограмм кара куурай менен кармалды

Бишкек шаарынын тургуну 6 килограмм кара куурай менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 36 жаштагы И.Э. аттуу жашоочусунан жашыл, күрөң түстөгү зат салынган мүшөк табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 6 килограммды түзгөн кара куурай экени аныкталган.

"Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан