Ирандын Тербиз шаарында 15-17-октябрь күндөрү өтө турган футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз спортчулар “А” тайпасына кирип, алгачкы беттешин Түркмөнстан курамасы менен өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирет.
Эске салсак, 6-июль күнү футзал боюнча 2018-жылы өтө турган Азия чемпиондугунун тандоо этабынын тайпалык баскычы үчүн чүчүкулак ташталган, анда Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы “А” тайпасына кирип Өзбекстан, Түркмөнстан, Непал курамаларына туш келген. “В” тайпасында Иран, Тажикстан, Ооганстан курамалары жайгашкан. Тандап алуу этабынын жыйынтыгында ар бир тайпадан бирден команда финалдык этапка өтөт.
“А” тайпасынын оюндарынын тизмеси:
1-тур, 15-октябрь:
Өзбекстан - Непал;
Кыргыз - Түркмөнстан.
2-тур, 16-октябрь:
Непал - Кыргыз;
Түркмөнстан - Өзбекстан.
3-тур, 17-октябрь:
Өзбекстан - Кыргыз;
Түркмөнстан - Непал.