Мындан 21 жыл мурун, 1996-жылы 27-июлда таланттуу кинорежиссёр, манас таануучу, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Кыргыз эл артисти Мелис Убукеев дүйнө салган.
Мелис Убукеев 1935-жылы 17-апрелде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. 1961-жылы Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетин бүтүрүп, 1965-жылы Бүткүл Союздук Кино Институтунун алдындагы Сергей Герасимовдун өнөрканасын аяктаган. 1972-жылы “Казактелефильм”, 1974-жылдан тарта “Кыргызтелефильм” киностудиясынын режиссёру болуп эмгектенген. Анын “Тайгак кечүү” тасмасы кыргыз кинорежиссёру тарткан тунгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.
Мелис Убукеев “Манас” эпосуна терең кызыгып, ал тууралуу толук кандуу көркөм тасма тартууга бел байлагандыгы менен белгилүү. Бир нече жылдар бою Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы менен кызматташып улуу эпос боюнча материалдарды чогулткан. Бирок тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган.
27-июлдун жылнаамасы.