Адамдын ичинде "жашап", анын ден соолугун көзөмөлдөөчү микроботту жасоо идеясы жылдар өткөн сайын фантастикадай сезилбей калды. Себеби андай роботтордун даяр үлгүлөрү көп жана кээ бири клиникалык сыноолордон өткөн. New Scientist басылмасы Кытай, Израиль жана АКШ окумуштуулары адамдын организмине киргизилчү микроботтордун видеосун көргөзүшкөнүн жазып чыкты.
Кичинекей "дарыгерлердин" ар бири 5 микрометрге барабар болгон 3 алтын бөлүктөн турат. Алар бири-бири менен күмүш илмек менен бириктирилген. Видеодогу микроботтор келечекте жасалчу роботтордун үлгүсү гана.
Бул микроботтордун ылдамдыгы секундасына 5,5 микрометр. Анын кыймылы магниттик талаа менен камсыздалат. Окумуштуулардын айтымында, роботтордун алгачкы версиялары медициналык жайларда жакынкы 5 жыл аралыгында пайда болот. Алар заара чыгуучу түтүктөр менен дары ташышмакчы.