Чүй дарыясына 26 жаштагы жаран агып кетти

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Талтак айылы аркылуу агып өткөн Чүй дарыясына 26 жаштагы жаран агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын агып кеткендиги тууралуу билдирүү 26-июль күнү саат 16:30дар чамасында келип түшкөн. Жалпы 6 куткаруучу издөөгө чыгып, иш-аракеттер саат 21:00дөргө чейин улантылган. Бирок сууга аккан жаран табылган эмес.

Ошондой эле аталган маалыматта издөө иштери бүгүн да улантылары айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-07-27 11:07:32
Кудайга тооба кылдым аккандар аябай эле кобойуп кетти абайлайлычы туугандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан