Кыргызстандын оор атлетика боюнча жаштар курама командасы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев 21-майда билдирди. Мелдеш Катар өлкөсүнүн Доха шаарында 26-майдан 2-июнга чейин өтөт. Анда кыргызстандык спорт чеберлери Манас Стамалиев, Курсант Төлөнов жана Искендер Саламатов өлкө намысын коргошот. Спортчуларды башкы машыктыруучу Э.Шатманов менен калыс О.Молдодосов жетектеп барат.