Кыргыз бийчиси Солто Эсенгулов Америкада өтүп жаткан "America's Got Talent" сынагына катышууда

22 жаштагы кыргыз бийчиси Солто Эсенгулов Американын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында өтүп жаткан "America's Got Talent" сынагына катышууда. Ал өнөктөшү америкалык бийчи Тайрон Скроггинс менен бирге 3 турда бийлеп, кийинки турга жолдомо алып албагандыгы тууралуу кабарды күтүп жатканын бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

"Өнөктөшүм экөөбүз акыркы турда көрсөткөн номер калыстар тобуна, көрүүчүлөргө жакты. Калыстар тобунда продюсер Саймон Коуэлл, DJ Khaled, супермодель Хайди Клум, "Spice Girls" тобунун ырчысы Мелани Браун өңдүү белгилүү инсандар отурушту. 3-турдан өтүп-өтпөгөнүбүз кийинки жумада белгилүү болот. Төртүнчү турдан кийин финал болот, ал эми баш байге 1 миллион доллар экени айтылды. Сынакка башында дүйнөнүн 4 бурчунан келген 10 миллиондон ашуун адам катышкан. Учурда 50 номер калды", - деди ал.

Бийчи сынактын 30-майда башталганын, август айында аяктай турганын кошумчалады. Белгилей кетсек, буга чейин Солто Эсенгулов Орусиянын ТНТ телеканалынын "Танцы" шоу берүүсүнө катышкан.

Кыргыз бийчиси Солто Эсенгулов Америкада бий сынагына катышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurda00
2017-07-27 17:58:02
Молодец
+1
jazira17
2017-07-27 17:59:30
Алга!
+1
aibars
2017-07-27 19:25:10
26- Июль кечинде кордум, башка дагы бир катышуучулардан булар отпой калышты:(( мен мекендешим экенин билген эмесмин.
0
aibars
2017-07-27 19:29:14
Булардын группасы Mirror деп аталат экен, анан Puddles тандоодон отту. Булар жонундо жазылган англисче жазылган комменттерди окуп жаман болдум:( кумсалардын бийи дешип жазышкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан