Райкан Төлөгөновдун сотунда эки күбө көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө жактоочу Сартбай Жайчибеков прокурор Баатырбек Доктурбековдун калыстыгына шек санап, ага ишеним көргөзбөө өтүнүчүн берди.
Мамлекеттик айыптоочу Төлөгөновго шек келтирип "Сен кимсиң?" деп ордунан тура калып, Юсуповдун жалган көрсөтмөсүн айтуусуна шарт түзүп берүүдө. Ошондуктан прокурорду соттук процесстен четтетүүнү суранам”, - деди Жайчибеков. Бирок сот ал өтүнүчтү канааттандырган жок.

Бүгүнкү сотто абакта отурган Абдулла Юсупов көрсөтмө берди. Ал бир канча жолу Райкан Төлөгөновдун Ак Үйдөгү иш бөлмөсүндө жолукканын айтты. Бирок иш бөлмөсү кайсы кабатта экенин айта алган жок.

Юсупов мени менен бир тууган болуп кеткенин айтты. Бирок мен бул кишини өмүрүмдө үч жолу эле көргөм”, - деди Төлөгөнов.

Ал эми экинчи күбө Дастан Оморов иш боюнча эч кандай маалыматтарды айтууга даяр эмес экенин билдирип, көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Дагы бир күбө Азамат Шергазиев болсо эч кандай көрсөтмө бере албасын айтты.

Кийинки соттук отурум 2-августта уланмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tunerbei1812
2017-07-27 16:46:57
Бул эмне деген сот бир эле турмодон башы чыкпаган шылуундун созуно таянган. Бир канча жолу чыккан кабатын айта албаган жанын жеп буткон аферист баарынын тубуно жетет.
+4
ady-88
2017-07-27 17:22:31
Аферист Юсуповдун созуно ишенген соттор жана аткаминерлерге тан берем да
+4
didu
2017-07-28 07:15:34
Бул Абдилла бийликтин куралыда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан