Швециянын Хальмстад шаарында 12-19-август күндөрү өтө турган оор атлетика боюнча эл аралык жана европалык чеберлер арасында ачык чемпиондугуна Кыргыз спортчу Азизбек Күйкеев катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Азизбек Күйкеев 77 килограммга чейинки салмак ченинде 50-54 жашка чейинки жаш курактар арасында күч сынашат.
Маалымдай кетсек, Азизбек Күйкеев чеберлер арасында 2013-жылы Дүйнө чемпиону жана 2014-жылы күмүш медалынын ээси, Дүйнө кубогунда күмүш медалын 2014-жылы жана 2016-жылы жеңген.