Кыргыз суучулдары сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга өтпөй калышты

Венгриянын Будапешт шаарында 16-30-июль аралыгында өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз суучулдары Денис Петрашов жана Кристина Панасенко брасс стилинде 200 метр аралыктагы жарышта жарым финалга өтпөй калышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Денис Петрашов 200 метр аралыкты 2 мүнөт 18,43 секундда сүзүп 32-орунду ээлеген. Ал эми Кристина Панасенко 2 мүнөт 52,53 секунд жыйынтыгы менен 35-болуп келген.

Бул жыйынтык Кыргыз суучулдарга жарым финалга өткөнгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Эске салсак, Түркмөнстанда өткөн сууда сүзүү боюнча Орто Азия чемпионатында Денис Петрашов жана Кристина Панасенко алтын медалдарга ээ болушкан.

29-июль күнү Кыргыз спортчусу Дарья Таланова брасс стилинде 50 метр аралыктагы жарышка түшүп, медаль жеңгенге аракет кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
adisum
2017-07-27 19:38:46
Ээ бул океңдер Кыргыз өлкөсүндө гана кыйын боло берет. Мындай чыкканда бок да жок.
0
ali1995
2017-07-27 19:56:48
Буга капа болбойм спортко конул бурбаса кайдан
+1
ali1995
2017-07-27 19:56:54
Медал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан