Британияда жаңылыштыктан улам 1 жылдын ичинде 71 кылмышкер эркиндикке чыгарылган

Жаңылыштыктан улам британиялык түрмөлөр 2016-жылдын июль айынан 2017-жылдын июлуна чейин 71 кылмышкерди эркиндикке чыгарышкан. Бул маалымат бүгүн, 27-июлда аталган өлкөнүн Юстиция министрлигинин статистикасында жарыяланганын "Риа Новости" басылмасы жазып чыкты.

Мындан сырткары кылмышкерлердин саны жылдагыга караганда бир топко өскөнү жазылган. Мисалы, өлкөдө 3 айдын ичинде эле 26 миң 643 кылмыш катталса, алардын 7 миңден ашууну адамга кол салуу болгон. Андан сырткары 1 жылдын ичинде түрмөлөрдө 316 өлүм катталып, алардын 97си өзүнүн жанын өзү кыйган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан