Бишкекте турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Бишкекте турак үйдүн чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат кечээ, 27-июль күнү саат 17:04 чамасында келип түшкөн. Анда Радищев жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде турак үйдүн чатыры күйүп жатканы айтылган.

"Тилсиз жоону өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү унаа катышып, саат 17:44тө чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры күйгөн. Жабыркагандар жок. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан