Бишкекте алдамчылыкка шектелип 41 жаштагы аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Сокулук районунун тургуну кайрылып, ушул жылдын 17-июль күнү Нургүл аттуу чала тааныш аял Кореяга виза ачып берүү үчүн 3 миң доллар алып, качып кеткенин айткан. Бул факт боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 41 жаштагы М.Н. кармалган. Учурда ал Свердлов РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан