Баткенде сууга аккан баланын жансыз денеси Төрт-Гүл суу сактагычынан табылды

Баткенде сууга аккан баланын жансыз денеси Төрт-Гүл суу сактагычынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 27-июль күнү саат 18:20 чамасында 1996-жылы туулган У.А. аттуу бала Төрт-Гүл суу сактагычына куюучу каналга түшүп жатып, агып кеткен. 8 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, саат 19:35те сууга чөккөн баланын жансыз денесин Төрт-Гүл суу сактагычынан табышкан.

Айта кетсек, жыл башынан бери Баткен облусунда 8 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын ичинен 1 адам Төрт-Гүл суу сактагычына чөккөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан