Ысык-Көлгө кирип кеткен унаанын ээси Казакстандын жараны экени аныкталды

Ысык-Көлгө кирип кеткен унаанын ээси Казакстандын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-июлдан 27-июлга караган түнү 1988-жылы туулган Н.Кирилл аттуу Казакстандын жараны Ауди үлгүсүндөгү унаасы менен Ысык-Көлгө кирип кетип, кайра артка чыга албай калган.

"Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери барышып, унаа атайын техниканын жардамы менен көлдөн чыгарылган. Айдоочу мас абалда болгон. Унаа Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына өткөрүлүп берилди. Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 160-беренеси "Жаратылыш объекттерин коргоо эрежелерин бузуу, ошондой эле мамлекеттик корук-заказниктердин жана улуттук жаратылыш парктарынын, курорттордун санитардык коргоо зоналарынын жана суу коргоо зоналарынын режимин бузуу" боюнча айып салынат", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы казак жаранына 160-беренеге ылайык 1000 сом айып салынганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Mekush87
2017-07-28 13:18:25
Эгер кыргыз жарааны Казакстанда ушундай кылса эчак балээ болмок.Биздикилер ооз ачканды билбейбиз
+9
bakulya2015
2017-07-29 11:49:20
Mekush87,+
0
AIZAD
2017-07-28 13:34:14
Оз жерине барып талтанда акмак!!! Тебелей элек силер калдынарбы?
+4
Arlenchik
2017-07-28 13:43:14
Копкон акмакты чон айыпка жыккыла, оз жерине барып коргозсун мындай адепсиздигин биздин колду булгабай.
+3
ayjan_90
2017-07-28 14:03:57
Бул баланын мээси жайында эмесго Колду коруган сакчылар жокпу кирип кеткиче ким уруксат берди чон айыпка жыгыш керек
+3
Musabaeva.
2017-07-28 14:19:22
Охраналар уктап жатабы, машина киргени мумкун эмеско неге карашпайт.
+2
grace
2017-07-28 14:22:00
Айып 1000сом экен, машинага штраф күнүгө 100 сом экен. Бул не деген маскара... Кыргыз элин, Көлдү сыйлабаган чет өлкөлүктөргө не не үчүн жок дегенде 10000сомдон баштап алыш керек. Алар үчүн 1000сом, 100сом жок нерсе да. Күлүшөт шылдыңдап бизди.
+4
oscar
2017-07-28 19:59:08
grace,ичкени учун 20000 мин.. колго кирип кеткент учун 10000 мин.. стоянканы озунчо штраф салыш керек болчу
+1
Kg-kg-kg17
2017-07-28 14:49:31
Биздин мамлекетке киргенге тыйуу салыш керек мындайларга.Мындан кийинкилерине сабак болсун.Кандай жапайычылык.Бироонун жеринде бироонун элинде журсон.Кормокбуз биздин жарандар Казакстанда мыйзам бузушса...
+2
Isco22
2017-07-28 15:15:13
Казакстандык экен койгула бошотуп ийгиле))
-6
aza84
2017-07-28 16:43:01
Мас болгондон кийин Нс менен штрафка жыкпайт беле
0
Gamze90
2017-07-28 17:24:02
1000 сом да айып салчы беле? Азыр 1000 сомго мыгык тизесин коргозбой турган заман. Айып пулдун аздыгынан закондун иштебегенинен акмактар кобойду. Баарына ким куноолу?
+1
oscar
2017-07-28 20:01:27
Акчан болсо калтанда
Талтанда да талтанда
0
Farkhat070589
2017-07-28 20:50:02
Чондору,депутаттар дебей ошол айылдан балдары эле чет жакка алып чыгып суйлошуп койбойсунарбы
0
rafo80
2017-07-29 01:45:29
Биздикилер Казакстанда ушундай иш кылганда айыпты олчойтуп салып туруп депортация кылмак.
0
tular
2017-07-29 01:46:54
Уят! Законно 1000сом толойт, Калганын ПМ менен ЭкоТехИнспекциянын сотрудниктери алыштыда шабашка кылып! Уят ким штраф жазса дагы! Штраф салган адвмдын жетесине наалат!!! Урпагы жетесинен калган жердин баркына жетпеген...
0
Asanaliev.1990
2017-07-29 04:14:16
1000 сом айып пул алгандан уялышбайт бекен,эгерде озубустун жарандар ошол ишти жасаганда 5 мин же 10 мин сомдун тегереги болмок биздин чондор озу турушу менен к.т ,салган адам дагы алган адам дагы к.тт.р экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан