Бишкекте "Жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам" деп кыздарды коркутуп, алардан акча алып жүргөн" деп шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул кылмыш иши Биринчи Май райондук соту тарабынан каралат.
Буга чейин "кыздарды коркутуп, акча өндүрүп жүргөн" деп шектелип 37 жаштагы Нарын облусунун тургуну С.У. кармалган. Ага каршы 5 кыз милицияга арыз менен кайрылган. Шектүү кыздарды "акча бербесең, жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем" деп коркутуп ай сайын 100 доллардан алып турган.
ИИМдин маалыматына караганда, шектүү мурда да "алдамчылык" беренеси менен соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.