ЖЫЛНААМА, 28-ИЮЛЬ: Ырчы Айпери Кубик кызы туулган күнүнө ата-энесинен баалуу белек алганын айтты

Ырчы Айпери Кубик кызы бүгүн, 28-июлда 26 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, учурда конок тосууга камынып дасторкон даярдап жатканын айтты.

"Өздүк майрамымды үй-бүлөм, жакын туугандарым менен бирге белгилейин деп жатам. Туулган күнүмө карата куттуктоолор 00:00дө башталган, жакшы сөздөрдү угуп, көтөрүңкү маанайда жүрөм. Ата-энем италиялык алтындан жасалган зер буюмдарын белек кылышты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, ырчы 1991-жылы 28-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Чоң-Курулуш айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач "Сезим" деген ыры менен эл оозуна алынган. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "2009-жылдын сахна ажары” деп табылган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Суперфутбол-2012де" "Мыкты футболчу айым" наамын алган. Айпери Кубик кызы ырчылыктан сырткары тасмаларда да роль жаратып келет. Мисалга алсак, "Достор", “Жубайлар” фильмдерине тартылган.

28-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ajara_13
2017-07-28 14:45:28
Куттуктайбыз.
Туулган күнүн менен!
+6
Musabaeva.
2017-07-28 14:46:41
Жердеш экенда.Туулган кунунуз менен!
+4
Kanzada97
2017-07-28 16:04:58
Супер инфо менида куттуктап койгула хех)) бугун меникида.
+6
admin_superstan
2017-07-28 16:10:09
Kanzada97, туулган күнүңүз менен куттуктайбыз!
+9
Kanzada97
2017-07-28 17:04:18
admin_superstan,рахмат
+3
Aidan88
2017-07-28 19:25:03
Tuulgan kunun menen Aiperi ,
+2
TazaKyrgyz
2017-07-28 19:35:53
Айпери туулган кунун менен куттуктайм.Ооруба коп жаша боодо кырсыктан тышкары бол.Башынды бийик котор артка кылчайба.Убагы келгенде сени барктай албаган адам окуноор.Сен эми андан да артык,акылдуу адамга татыктуусун.Озундун баанды биле жур Менинда сени менен тен кызым бар.Сени уй булобуз менен жакшы коробуз.Бактылуу бол!
+4
raykray
2017-07-29 13:34:44
Туулган кунун кут болсун, мындай жаштын кобун ата энен, бир туугадарын мн бактылуу жаша
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан