Жумгал районунан Балыкчы шаарынын эки тургуну маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Балыкчы шаарынын эки тургуну 27-июль күнү жүргүзүлгөн "Кара куурай" аталыштагы рейддин алкагында кармалган. Алар айдап бара жаткан унаа Жумгал районунун Куйручук айылында токтотулуп, тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 килограмм 335 грамм маңзат табылган. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Жумгал РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.