Орусиялык миллиардер "Эркектер эмне жөнүндө сүйлөшөт?" тасмасынын уландысына тартылып, 1 рубль алды

Орусиялык миллиардер Михаил Прохоров "Эркектер эмне жөнүндө сүйлөшөт? Уландысы" комедиясында миллиардердин образын жаратып, бир рубль гонорар алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Аталган комедияны тартуу иштери 26-июлда аяктагандыгын СТВ компаниясынын башчысы Сергей Сельянов билдирген. Ошондой эле ал тасма 2018-жылдын 22-февралынан тартып кинотеатрларда көрсөтүлө баштай турганын айткан. Комедиянын уландысынан көрүүчүлөр анын мурунку каармандары Леонид Барац, Ростислав Хаит, Камиль Ларин жана Александр Демидовду көрө алышат.

Актёрлордун бири Леонид Барац: "Михаил Прохоров тасмада өтө чоң эмес эпизоддо роль жаратып, жаш артист катары футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна карата чыгарылган юбилейлик 1 рубль алды", - деп билдирген.

Белгилей кетсек, "Эркектер эмне жөнүндө сүйлөшөт?" комедиясынын биринчи бөлүгү 2010-жылы көрүүчүлөргө тартууланып, сатыктан 358,5 миллион рубль топтоого жетишкен. Бир жылдан кийин "Эркектер дагы эмне жөнүндө сүйлөшөт?" тасмасы жарыкка чыгып, бул ирет сатыктан 565 миллион рубль каражат түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kychan.98
2017-07-29 02:51:14
Кордунорбу бир рубль алып кандай гана акчанын кадырын билишет а бизде 100 мин сомун болсо адам тааныбай каласын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан