Жалал-Абад ОИИБи: "Кара-Көлдө 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасады" деп шектелген жаран психикалык ооруканада каттоодо турган"

Кара-Көлдө 7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасады деп шектелген жаран психикалык ооруканада каттоодо турган. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

"Шектүү кармалган учурда эле анын психикалык жактан жабыркаганы байкалган. Мындан улам атайын мекемелерге кат жөнөтүлүп, шектүүнүн психикалык ооруканада каттоодо турганы аныкталган. Ал эми дарыгерлер тарабынан жашы жете элек кыздын денесине алгачкы кароо жүргүзүлгөн учурда анын денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Жашы жете элек кыздын ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөн. Ал чоң апасынын колунда болчу", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.

Айта кетсек, окуя 21-июль күнү саат 19:00 чамасында болгон. Анда 44 жаштагы К.Ж. 1-класста окуган кызды ээн жерге алып барып, ыплас аракеттерди жасаган. Кыз болгон окуяны чоң апасына айтып берген. Кылмышка шектүү кармалып, 2 айга тергөө абагына камалган. Ал эми аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси "Ыплас аракеттер" менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Take_men
2017-07-28 17:45:43
Мм.. справканы алып койуп анан билгенинди кыла бер деген нерсе го бул
+7
ikitaidesu
2017-07-28 18:06:01
Жинди Канада учетто турбаган Адам калбаган окшойт. Тооба кылдым
+4
Hadyja
2017-07-28 19:27:33
Психикалык жактан абалы начар болсо,соо аламдардвн жанында мне кылып журот?Обязательно бир балекет кылганда гана иштей башташат,тиешелуу мекемелер.Ага чейин отура беришет,айлык алып...
Психика-мсихикасына карабай камап,ар жака кутулуш керек.
Олтуруш керек деген закон чыкса колдомокмун.
Жаш балдардын келечеги баалуураак,40-ка чыккан гелесоолорго караганда
+7
Gulnyr19
2017-07-28 20:56:20
Тобаа кылдым Аллахым ыйман бере кор эмне эле болуп бара жатабыз
+2
monok2001
2017-07-28 23:47:41
эптеп эле каттоодо деп койдуда туугандарынан акча алып туруп
+2
balanchaev
2017-07-29 02:23:08
Кара-Көлдөн дейтко,ким болду экен К.Ж
.?
Өтө таңгалыштуу((((
+1
Arsen.D
2017-07-29 03:52:00
Атайын зона кылып камаш керек буларды
+1
AykaMer
2017-07-29 18:06:30
Кудай сактай кор,тообо кылдым. Кыргызстанда жинди болгон адамдар кобойуп баратат...акыр заман болгону калды. Бул киши да справкасына таянып кутулат да калат. Психиялык оорулуу болсо кочодо XXX жейби,караган адам жокпу бул кишини?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан