Ноокен районунда 29 жаштагы кош бойлуу келин токко урунуп каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 24-июль күнү аталган райондун Сакалды айылында болгон. Анда 29 жаштагы келин суу алып жатып, суу чыгарган насостун тогуна урунган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.