АКШда банкты тоногон адам жылаңачтанып алып көчөгө акча чачты

АКШнын Флорида штатында 25 жаштагы Александр Спирбер аттуу адам банктын кассирине келип, аны сөөмөйү менен көзөп акча талап кылган. Александр жанында курал бар экенин, эгерде акчаны бербесе атып өлтүрө тургандыгын айткан.

Чет элдик маалымат булактары жазгандай, өмүрүнүн кыйылышынан чочулаган кассир ага акча салынган баштыкты сунган. Баштыкта акчадан тышкары капсула болгон, ал жарылып Александрдын колун жана кийимдерин боёк кылган. Анткени менен Спирбер баштыктагы 4,7 миң долларды банктан алып чыгып кеткен.

"Банкка автоунаа менен келген Спирбер банктан чыгып жөө эле жол жүргөн. Болгондо да энеден туума жылаңач болуп чечинип, көчөгө банктан тоноп алган акчаны чачып кеткен. Полиция кызматкерлеринин колуна түшкөндөн кийин ал куудул болууну каалагандыгын, эмгек жолун ушундай аракеттер менен баштоону туура көргөнүн билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Спирбердин бул актануусуна карабай, анын күнөөсү далилденсе 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Банкка уурулукка кирген киши жалаңачтанып алып көчөгө акча чачты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nejninka
2017-07-29 10:40:06
тообо кызык адамго
+3
Midub
2017-07-29 10:48:27
Эми турмодо куудул болосун
+3
General.kg
2017-07-29 10:49:34
Чынымды айтсам таң калбадым себеби бизде деле галстукчандар чечинбесе дагы шайлоодо акча чачышат "палан партияга түкүн партияга салып кой"дешип.
+7
edik.toloikon
2017-07-29 11:24:58
General.kg,төө десе, сен ажыдаар деп койдуң го))
-7
General.kg
2017-07-29 12:10:40
edik.toloikon, сен эмнени айткым келгенин түшүнгөнүңдө мынтип тантымак эмессиң! :)
+15
General.kg
2017-07-29 13:53:40
General.kg,TalaCSKA, А.Мадумаровтун айткан сөзү бар азыркы бийлик "Рахман менен Тынарга даяр ценарий"деген алар куудул. Бул жигит дагы куудул болгусу келет экен,албетте эми чыгармачылыгын түрмөдө улантат.
0
kanatbekabytovich82
2017-07-29 13:19:25
XXX Алеша,Кыргызстанга келип чачсан олот белен,ыя?????
+10
Topcubai
2017-07-29 13:24:50
kanatbekabytovich82,
Жылмайттыныз.))))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан