Иерусалимде жума намаздан кийин болгон кагылышуудан 120 адам жабыркады

Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында жума намаздан кийин палестиналыктар менен Израилдин коопсуздук күчтөрү ортосунда кагылышуу болуп, 120 адам жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Ооруканага кайрылгандардын көбү желим октордон жабыркагандар, газдан уулангандар болгон. Мындан тышкары башына таш тийип жабыркаган полиция кызматкерине да медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, 14-июлда Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин аймагында куралчан адамдар эки полиция кызматкерин атып өлтүргөндөн кийин Израиль коопсуздукту күчөтүп, аталган мечиттин айланасына металл аныктоочу жабдыктарды, видеокөзөмөлдү орноткон. Өткөн жумада көпчүлүк палестиналыктар бул жабдыктан өтүүдөн баш тартып, мечиттин дарбазасынын алдында намаз окууга аргасыз болушкан.

Израиль бийлиги кандуу кагылышуулардан кийин металл аныктоочу жабдыктарды алып салып, видеокөзөмөлдү калтырууну чечкен. Бирок Ал-Акса мечитинин имамы ыйык деп саналган имараттын тегерегинде видеокөзөмөлдү да алуу керектигин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alinurfr8
2017-07-29 10:20:12
палестиналыктар биз силер менен биз мусулман бир туугандарым...
+2
Kosmos2013
2017-07-29 12:15:30
Еврейлерге олум!!!
-2
Kosmos2013
2017-07-29 12:16:12
Шашпагыла акыры жениш биздики
+1
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-29 14:43:06
Уидейлер жаман кыжырды келтирип атасынар бир декени коргону калдынаар!!
-1
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-29 14:50:47
Еврейлер шашпагыла кырыласынаргоо
-1
Almaz_kg
2017-07-29 20:26:55
2018 акыркы жылы
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан