Бишкектеги Кыргыз улуттук филармонияда 30-31-август күндөрү кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунун тең төрагасы Асылбек Маратов билдирди.
Анын айтымында, төкмө акындардын беттеши залкар талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата уюштурулуп жатат.
"Тандоо туру 20-августта Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында болот. Казактардан 8, кыргыздардан 8 төкмө акын катышат. Айтыш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Тууганбай Абдиев атындагы коомдук фондунун колдоосу менен өткөрүлөт. Байге фонду 2 миллион сомду түзөт", - деп билдирди Маратов.
Белгилей кетсек, айтылуу төкмө акын, дастанчы, комузчу, "Махабат дастаны" тасмасында Раймалынын ролун аткарган актёр Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.