Өзгөндүн борбордук базарында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө жергиликтүү тургундар, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жардам беришкен.
"Өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн, 29-июль күнү саат 04:40 чамасында келип түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү унаа катышып, саат 09:00 чамасында толук өчүрүлгөн. Учурда адистер өрттүн келип чыгуу себептерин жана келтирилген зыяндарды иликтеп жатышат", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.