Өзгөн шаарынын борбордук базарындагы өрттөн 200дөн ашуун соода оруну күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Сабиржан Курманбаев маалымдады. Курманбаевдин билдиришинче, учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат.
"Жалпы 2 миңдей чарчы метрди ээлеген соода орундуктары күйдү. Алдын ала маалыматтар боюнча бул жерде 200дөн ашуун соода орундугу жайгашкан. Анда кийимдер, идиш-аяктар, канцтоварлар сыяктуу буюмдар сатылчу экен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгашанын көлөмү такталып жатат", - деди Курманбаев. Ал эми өрттүн кесепетинен адам өмүрүнө коркунуч келтирилбегенин кошумчалады.
Эске салсак, базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат райондук Өрт өчүрүү кызматына бүгүн, 29-июль күнү саат 04:40 чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 7 өрт өчүрүүчү унаа катышып, саат 09:00 чамасында басаңдап, 11:30да толук өчүрүлгөн.