Куралданган белгисиз адамдар Кениянын вице-президентинин үйүнө кол салышты

Бүгүн, 29-июлда куралчан белгисиз адамдар Кениянын вице-президенти Уильям Рутонун үйүнө кол салышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү телеканалга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, куралданган адамдар вице-президенттин үйүн кайтарган күзөт кызматкерлеринин биринин куралын тартып алып, ага карата ок чыгарышкан. Учурда аларды жок кылуу боюнча операция жүрүүдө. Уильям Рутонун үйү күч кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Алдын ала маалыматка караганда, вице-президент куралчан адамдар кол салардан бир аз мурун үйүнөн чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан