Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" музейинин директору кызматына ырчы Самара Каримова жамааттын суранычы менен дайындалган. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков SUPER.KG порталына билдирди.
Министрдин айтымында, музейдин кызматкерлери 2 айдан бери мурунку директору менен иштешпейбиз деп нааразы болуп жүрүшкөн.
"Музейдин 25 кызматкери ушул кишини алып келип бергиле, иштешебиз деп кат жөнөтүптүр. Өкмөттүн облустагы өкүлү арызга оозеки макулдугун берип жөнөтүшкөн экен. Бирок коомчулукта ызы-чуу болуп кеткенден кийин ал киши кайра кызматка "барбайм" деп баш тартты. Эми баш тартса эмне кылабыз, жетекчиликке башка кишини карайбыз. Мурунку директору көп жылдан бери музейди жетектеп келген. Жамааттын ызы-чуусунан кийин кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып, бошотулган", - дейт Казаков.
Ал эми музейдин директорунун орун басары Хайрулла Убайдиллаев бул тууралуу: "Ошол учурда директорго нааразы болгон кызматкерлер мэрияга, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө, министрликке кат аркылуу кайрылып жүрүшкөн. Мүмкүн ошол учурда Самара Каримованы кызматка коюу боюнча арыз жазылгандыр. Бизде 30 жыл музейде иштеген, тажрыйбалуу, дасыккан кызматкерлер бар. Арасынан жетекчи болом деп чыккандар болгон эмес", - деди.
Музейдин чарба иштери боюнча директорунун орун басары Малик Каражанов: "Самара Каримованы музейге жетекчи кылып алып келүү боюнча министрликке кайрылуу же арыз жазылганы боюнча менин кабарым жок. Менимче андай кайрылуу болгон эмес", - деп билдирди.
Айта кетсек "Сулайман-Тоо" музейинде 80ден ашык кызматкер эмгектенет.
28-июль күнү "Сулайман-Тоо" музей комплексине ырчы Самара Каримова министр Түгөлбай Казаковдун буйругу менен директор болуп дайындалган. Министрликтин бул чечими коомчулуктун кыжырын келтирип, ырчыга жана министрге карата курч сын-пикирлер айтылган. Буйрук чыккандан 1 күндөн кийин Каримова кызматтан баш тартканын интернет аркылуу жарыялады.
Эске салсак, ушул жылдын апрель айынан тартып Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча башчысы болуп иштеп келет.