Орусияда башка аял алып алган күйөөсүнө кетти делип жаткан келиндин жансыз денеси табылды

Күйөөсү Орусияда башка аял менен жашап алган деген кепти угуп, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Сирена Алтынбекованын жансыз денеси табылды. Жалал-Абад ОИИБинин SUPER.KG'ге билдирген маалыматына ылайык, кечээ, 29-июлда Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылындагы дарыядан аял кишинин жансыз денеси табылган.

"Дарыяда жансыз дене жатканын балыкчылар көрүп калып, Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына байланышкан. Буга чейин Майлуу-Суу шаарындагы үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы келин изделип жаткан. Маркумду таанып-билүү кыйын болгондуктан Сиренанын апасы чакыртылды. Ал кызын тиштеринен жана ич кийимдеринен тааныды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин SUPER.KG'ге Сирена Алтынбекованын атасы Алтынбек Орозов кайрылып, кызы 24-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал кызы мурда турмушка чыгып ажырашып кеткенин айткан. Анын билдиришинче, кызы күйөөсү Орусияда башка бирөө менен жашап жатканын угуп, аны издөө үчүн чыгып кеткен.

"Кызым мурда психикалык жактан ооруган. Үйдөн чыгып кетердин алдында да оорусу козголуп жүргөн. Кызым күйөөсүн аябай жакшы көрчү, Орусияда башка менен жашап алды деп угуп ошондон да оорусу козголду окшойт. Акыркы жолу аны жолдо унаа тосуп турган жеринен көрүшкөн. Ошол боюнча дайыны жок", - деген атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aikokul14
2017-07-30 15:56:18
Убалы уктатпайтго эр сөрөйдү.
+6
kychan.98
2017-07-30 18:37:46
aikokul14,_Бечара кыргызымдын жигиттерине ыйман кыздарына ынсап бер алла таала_
+6
Uzakova.Z.A
2017-07-30 15:57:36
Ии байкуш десе алла таала оз рахматына алсын!
+10
Pchelka85
2017-07-30 16:08:04
Ииий жаман болуптур. Куйоосуно да кудайдын козу туз болсун..
+2
Ma9
2017-07-30 16:18:49
Эх байкуш аман эсен табылып калса экен деп олтурса ушундай жаман кабар угуп калдык жайын жанаттан болсун
+7
ayjan_90
2017-07-30 16:37:45
Эххх журогум тмлинип кетти жап жаш бойдон кете бериптир жайы бейиштен болсун
+4
mirlanpiter
2017-07-30 16:49:32
Жакшына Бир кыз экен,оорулуу корунбойт,жайы жаннатта болсун
+6
Ayida
2017-07-31 00:43:26
mirlanpiter,туура айтасын оорулу адам башка болот

0
Syn4y
2017-07-30 16:59:26
Kim olturdu eken
+4
e-vawa.
2017-07-30 17:13:41
10 гулунон бир гулу ачылбай жатып кырчындай жаш курагында каза болгону окундурот. Жузундогу жылдыздуулугу эч бир оорудан кабар бербегендей. Аллахым жайын жаннаттан кылсын. Билип билбей жасаган куноолорун кечирген болсун. Жакындарына сабыр сабыр сабыр.
+8
Kg.arts.
2017-07-30 17:38:07
Ал кызы мурда турмушка чыгып ажырашып кеткен деп жатат. А эмнеге куйоосу башкага уулонсо издеп чыгат? балким мен тушунбой калдым.
-1
Nevestkaa
2017-07-30 22:57:59
Kg.arts.,психикалык жактан ооруйт экен куйоосун ото жакшы коргон ошого башкага ыраа корбой издеп кеткен чыккан уйундогулор корбой калышкан экен....жайы жаннаттан болсун..
0
uRaGaN
2017-07-30 18:15:32
Жайы жаннатта болсун
+1
ZAMAN007
2017-07-30 19:57:49
Аллах деген соз чон тамга менен жазылат туугандар.
+3
Tynchtyk2017
2017-07-30 21:46:58
Жашоо ушундай экен туугандар кечээги жургон адамдар бугун жок Аллах ынсап берсин эркеке да Аялга да
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан