Панфилов районунда Патрулдук милициянын 2 кызматкери сабалып, бири ооруканага жаткырылды

Чүй облусунун Панфилов районунда Патрулдук милициянын 2 кызматкери сабалды. Мындай маалыматты бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин Патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Панфилов районунда Патрулдук милиция кызматкерлери кызматта турушкан. Жолдо бара жаткан унааны токтотушканда айдоочусу мас абалында болгон. Анын жанындагы достору менен милиция кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташышкан. Учурда милиция кызматкерлеринин бири бейтапканада. Азырынча кызматкер кандай деңгээлде жаракат алгандыгы бизге белгисиз. Учурда бул тууралуу маалымат топтолууда", - деп билдирди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aibars
2017-07-30 18:50:53
Коопсуздугун сакташ учун токтотушса кол которгон айбандар, жаракат алганы тезиреек сакайып кетишсин.
+4
Arlenchik
2017-07-30 18:54:59
Ушундай ичип алып айдаган акмактарды оор жазага тартып айдоочулук укуктан ажыратып эле салса болот, ичтиби кысчу жерин кысып рульга отурбай эле койбойбу.
+6
Taalaibek.
2017-07-31 05:33:29
Arlenchik,ичкенин кайдан билдин?
0
Tolkun555
2017-07-30 19:10:35
Бир көрөсөнү көргүлөрү келиптир да.эми саан уй болосуңар.клиент всегда прав дегендей алардыкы андан дагы прав болот.биздин менттер жалгыз кыз урса арызданып больницага жатып алат силердики групповой болуптур.сабыр берсин.
+2
ukmuw-ukmuw
2017-07-30 23:40:11
Tolkun555,тазасын го жалгыз кыз урса деп биз таза терпила!народ болуп буттук законду кучотуш керек менттерди кучттош керек!
0
Nargiza1987k
2017-07-30 19:44:34
Жазасын алышсын ушуга окшогон адам соорой айбандар канчалаган омурду алып жатышат.
+3
KGstan1981
2017-07-30 20:03:18
Милциялар тез сакайп кетишин Аллахтан тилейлик.Бирок азыркы копчулук милициялар кардылары чыккан милициялар.Самооборона деген нерсени билишеби.Тренировка этишишпейт 80% суйломдору согунуп суйлошот.Кандай болсун митингке чыккан аял кишилерди уруп согуп алып кетишет.Ал эми кылмышкерлерге кол которушо алышпайт.
+4
Azat.97
2017-07-30 20:16:07
Тиягынарга кирип жаткыла эми
0
Taalaibek.
2017-07-30 20:53:29
Мас айдоочу экенин кайдан билебиз, мумкун милиция кунолу болгон чыгаар. Эмнеси болсо дагы жазасын алган чыгаар.
-1
nurik-95
2017-07-30 21:21:30
Жаман эле болуптур шыпаасын берсин баарибир ал адам милиция болсода адамго формасы эле болбосо формасын чечтирип мушташпаптырда разна раз
+1
maks94.kb
2017-07-30 21:32:14
Панфилов районундагы ГАИ кызматкерлери абдан эле оооооой мамада
+2
nurik-95
2017-07-30 22:44:27
Биздин Кызыл-жарда эң жаманда гаилер себеби биздин айыл баары дарбыз коон эгишет азыр сезон болгонго айылдын ичине турушуп алат же ал жолдо 10 дон ашып айдай алсан жолдоруна адам эмес машинада ыйлап жиберет алыс жактан машиналар келсе кирбей жарым жолго таштап кетип калат ошол жерге гаилер туруп алатта портерби лабобу женил машинабы чекесинен тосушуп акчаны шыпырат кой деген эчким жок элдин эмгегин жарымын жээшип бүттү
+5
kanatbekabytovich82
2017-07-31 02:16:54
ХХХ ХХХ
Ал жактын патрульдары значогундун номерин корсотчу деп,значокту туздоп окуйун дегенимде "сен эмне мени жулмалап атасын,ыя" деп,шеригине чакыр нарядты деп жаман болгон...
Жанакы оздору эркекти ээрчип ,гостиницага барып эртеси мени зордуктап кетти деп арыз жазган кыздардай болуп))
+6
admin_superstan
2017-07-31 10:35:08
kanatbekabytovich82, провокацияга жол берилбейт. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан