Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында кара чайыр ташыган унаанын чиркегичи оодарылып кетти. Мындай маалыматты бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
"Оодарылган жүк ташуучу унаадагы кара чайыр жолго төгүлүп, жолду каптап калды. Кырсыктан жабыркагандар жок. Бул кырсыктан 50 метрден ашык аралыкта жол тыгыны пайда болду. Учурда жолду тазалоо иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдирди күбө.