НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев жол кырсыгынан каза болду. Мындай маалыматты 30-июлда маркумдун кесиптештери билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көл облусундагы Сары-Ой айылында болгон. Жол кырсыгы 30-июль күнү таңкы саат 05:00дөр чамасында орун алган. Мында эки жеңил унаа кагышкан.
Журналист Айкөкүл Дайырбекова социалдык баракчасына Айбек Айтбаев тууралуу жазып, анын мүнөзү шайыр, акыл кампасы кенен жигит болгонун белгилеген.
"Мекенибиздин тарыхы тууралуу китеп жазып жатканын, жакында басып чыгараарын айтып, бир топ кыялдары менен бөлүштү эле. Жакшы адамдар бул дүйнөдөн эрте кетип жатканы өтө аянычтуу. Аттиң ай, кыргыздын керегине жарай турган жигит эле", - деп жазган Дайырбекова.
Айбек Айтбаев 1994-жылы туулган. Ал НТС телеканалынын кабарчысы болуп иштеп жаткан.