Бийчи Атай Өмүрзаков Орусиянын ири авиакомпаниясы - "Аэрофлоттун" кызматкерлеринин орой мамилесине дуушар болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Бийчинин билдирүүсүнө ылайык, 8-июль күнү "Адем" бий тобунун бийчилери менен Нижнекамск шаарынан Москва аркылуу Бишкекке учуу алдында турушкан. Паспорттук текшерүү көп убакытка созулуп, ал жердеги кызматкер бийчилердин билетин карап, таанышкандай түр көрсөтүп, учакка чейинки автобусту көрсөтүп отургузган.
"Мен автобустан түшүп учакка чыгарда ал Тбилисиге уча турганын билип такыр эсим кетти. Бирок бул компаниянын кызматкерлеринин катачылыгы болгондон кийин билеттерди кайтарып берет деген ой менен өзүмдү тынчтандырып, кайра кайтып келдик. Анткени менен кызматкерлердин орой мамилеси кыжырдантты. "Колуңардан келгенин кылгыла" - бул алардын бизге карата айтылган эң "жакшы" сөзү болду. "Аэрофлоттун" кызматкерлеринин тоготпогон мамилесине туш болуп турган чакта, Орусиянын жараны, Польшага учмак болгон аял келип, бажы бекетинде кармалып калгандыгына байланыштуу кечигип калгандыгын айтты. Авиакомпаниянын кызматкерлери анын билетин жаңылап бергенден тышкары мейманканасынын да акысын төлөп, жылмаюу менен узатып коюшту", - деп жазат Өмүрзаков.
Ал белгилегендей, келе жатып аталган компаниянын расмий сайтына көрсөткөн тейлөөсүнө нааразы экенин билдирип, арыз калтырган. Бирок "Аэрофлот" бул боюнча азырынча үн ката элек.