Топ-Лига: "Алай" командасы турнирдик жадыбалда сап башында, "Кара-Балта" командасы 6-орунга жайгашты

29-30-июлда футбол боюнча өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 11-турдук оюндары өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, “Алай” “Кара-Балтаны”, “Нефтчи” “Алганы” кабыл алса, "Дордой" "Абдыш-Ата" менен ойноду.

“Алай” - "Кара-Балта” 10:0

Оштун "Алай" командасы "Кара-Балта" командасы менен беттешип 10:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Эсепти 4-мүнөттө Максат Алимов ачып, 18-мүнөттө аны көбөйтүүгө үлгүрдү. Арадан 5 мүнөт өтпөй Умарбек Тохтасинов эсепти 3:0гө айлантты. Оюндун 2-таймында "Алай" командасы артыкчылыгын жоготпой эсепти 10:0гө чейин жеткирди.

"Алай" командасы бул жеңиши менен турнирдик жадыбалда 31 упай менен сап башында, "Кара-Балта" командасы 7 упай менен 6-орунга жайгашты.

Голдор: Максат Алимов (4-мүнөттө, 18, 63, 82), Тохтасинов (23, 55), Абдурахманов (53, 84), Ахмедов (66), Кабылбеков (73).

"Дордой" - "Абдыш-Ата" 4:1

"Дордой" командасынын жарым коргоочусу Сүйүнтбек Мамыралиев 11-мүнөттө Топ-Лигада алгачкы голун киргизип эсепти ачты. Ага "Абдыш-Ата" командасы Андрей Кухаронактын голу менен жооп кайтарды. 54-мүнөттө "Дордой" командасы пенальти тепкенге мүмкүнчүлүк алды, аны Алишер Азизов ийгиликтүү аткарып эсеп санын 2:1 кылып жана 67-мүнөттө 2-голун киргизип эсеп санын көбөйттү. Жыйынтыктоочу голду 76-мүнөттө "Абдыш-Атанын" коргоочусу Аманбек Маныбеков өз дарбазасына киргизди.

Бул жыйынтык менен "Дордой" командасы 18 упай менен турнирдик жадыбалда 2-орунга көтөрүлдү. "Абдыш-Ата" 16 упай топтоп 3-орунда келе жатат.

Голдор: Мамыралиев (11-мүнөт), Азизов (54 пенальтиден, 67) – Кухаронак (37), Маныбеков (76 өз дарбазасына).

"Нефтчи" - "Алга" 2:0

"Нефтчи" командасы өз талаасында ойноп бишкектик "Алганы" 2:0 эсебинде жеңип, турнирдик жадыбалда 4-орунга көтөрүлдү.

Оюндун 1-таймында эки команда тең гол жарата алган жок. 49-мүнөттө Умидилло Иминов эсепти ачса, 67-мүнөттө Нурбек Жолдошев эсепти көбөйттү. "Алга" командасы "Нефтчинин" голдоруна жооп кайтара алган жок. Бул жыйынтык менен "Нефтчи" командасы 12 упай топтоп, 4-орунга көтөрүлсө, "Алга" 9 упай менен 5-орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
FCBMESSI
2017-07-31 15:29:46
10 0 эсебинде женуу бул Кыргыз футбол клубтары бири бирин урматтоо жок экендигинин белгиси.Мындай болбошу керек деп ойлойм.
-1
monok2001
2017-07-31 15:30:45
Мен алайдын куйорманы болом,бирок Алай Кара Балтаны жаш балдарды уткандай утуптурго,менимче топ лиганын кызыгы калган жок!!! Айтканымы туура тушунунуздор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан