Мекендешибиз, гандболчу Талант Дүйшөбаевдин баласы Испан курамасы менен гандбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңди

Кыргыз жеринен чыккан атактуу гандболчу, учурда машыктыруучу болуп иштеп келген Талант Дүйшөбаевдин баласы Даниэль Дүйшөбаев Испания курамасы менен бирге Алжирде өтүп жаткан жаштар арасындагы (U-21) гандбол боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип алды. Чемпиондуктун финалы кечээ, 30-июлда өткөн.

Дүйнө чемпиондугунун финалында Испания гандболчулары Дания курамасына туш келген. Эки команда негизги убакытта тең чыгып, оюн кошумча убакытка созулган. Кошумча убакыттын акыркы мүнөттөрүндө 38:38 эсебинде даниялык спортчулар чабуулга барып, сокку жасашкан, аны испан дарбазачысы кайтарган. Топко биринчи Даниэль Дүйшөбаев жетип, Даниянын бош дарбазасына гол киргизген. Бул гол менен испан гандболчулары жеңишке жетип, Дүйнө чемпиондору аталышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tursunbaev78
2017-07-31 14:38:49
Жакшы жаңылык
+3
Revolyutsiya2
2017-07-31 14:53:13
Негизи атасы дуйнолук гандбол тарыхына атын жаздырган улуу оюнчу жана машыктыруучу...
+3
monok2001
2017-07-31 15:16:50
атасы да Россиянын курамында олимпиада чемпиону болгон,уулу болсо Испания курамасы мн чемпион болуптур.Жакшы бирок Кыргызстандын атын таанытышса болмок
+1
Aman_Mansurov
2017-07-31 16:05:43
monok2001,Кыргызстандын атын кантип таанытышса болмок?
+2
BekAmir
2017-07-31 17:37:51
Азамат.
+2
futboler
2017-07-31 18:30:39
Атасын Зиданга окшото берем, ал дагы дуйно чемпиону, дуйнонун мыкты гандболчусу болгон. Мыкты оюнчу эле эмес ийгиликтуу тренер дагы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан