"Барселона" футболдук клубу "Реал Мадридди" 3:2 эсебинде утуп, эл аралык чемпиондор кубогунун жеңүүчүсү болду

АКШнын Майами шаарындагы "Хард Рок" стадионунда испаниялык "Барселона" футболдук клубу эл аралык чемпиондор кубогунун жеңүүчүсү болду.

"Барселона" клубу 30-июль күнү эл аралык чемпиондор кубогунун 3-турунун алкагында "Реал Мадрид" клубуна кез келген. Анда Эрнесто Вальверденин футболчулары Зинедин Зидандын командасын 3:2 эсебинде жеңип алды.

Эсеп саны оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле ачылды. 3-мүнөттө каталондук команданын чабуулчусу Лионель Месси таамай сокку менен эсепти 1:0 кылды. Арадан 4 мүнөт өтпөй "Барселонанын" оюнчусу Иван Ракитич эсепти 2:0гө айлантты. 12-мүнөттө "Реал Мадрид" жооптук голун киргизгенге үлгүрдү. Анда Матео Ковачич талаанын жарымын чуркап өтүп, ылдыйкы сол бурчка сокку узатып Яспер Силлессенге топту тосууга эч мүмкүнчүлүк калтырган жок. 36-мүнөттө "Реал Мадриддин" жаш оюнчусу Марко Асенсио гол киргизип эсепти теңей алды. 2-таймдын 50-мүнөтүндө Неймардын узатылган тобун Жерар Пике жыйынтыктап "Барселонаны" алдыга чыгарды. "Реал Мадриддин" оюнчулары аракет кылса дагы эсепти теңей алган жок.

Оюндун мыкты оюнчусу деп Жерар Пике аталды.

Бул жыйынтык менен "Барселона" футболдук клубу 3 оюнда жеңишке жетип, 9 упай топтоп мелдештин жеңүүчүсү аталды. Буга чейин "Барселона" клубу "Ювентусту" 2:1 эсеби менен жана "Манчестер Юнайтед" командасын 1:0 эсеби менен жеңип алган.

"Барселона" - "Реал Мадрид" эл аралык чемпиондор кубогу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
FCBMESSI
2017-07-31 17:15:36
Алга Барса алга Ж.Пике!!!
+3
Jigit.1982
2017-07-31 17:23:35
Роналдо ойнободубу отпускадан кайта элек окшойт.
0
general2030
2017-07-31 17:45:09
Роналдо ойногондо женет эле!!!
-8
FCBMESSI
2017-07-31 17:46:42
general2030,Роналдо ойногондо Барсага гол кирбейт болчу))
+8
Lu4ano
2017-07-31 17:58:50
FCBMESSI,Чын еле
+3
kairat98
2017-07-31 18:16:48
барса алга!
+3
Farm94
2017-07-31 21:00:02
Реал ман ситиден 4 0 женилди если че барса алгаааааа
+5
jyza_94
2017-07-31 23:39:30
Барса алгаааа
+3
Altysh_Boldush
2017-08-01 00:22:55
Неймар барсадан кетет жакында)
-2
Ibanurkb
2017-08-01 00:49:25
О ушуга да суйунот бекен ЛЧ утсанар жарыласынар го )))
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан