2-августта Неймар "ПСЖга" өткөнүн расмий түрдө жарыялайт

Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун жылдызы Неймар франциялык "ПСЖ" клубуна өтүү үчүн Катар өлкөсүндө 1-август күнү медициналык текшерүүдөн өтүп, 2-августта "ПСЖга" өткөнү тууралуу расмий түрдө жарыялайт. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

"Бразилиялык футболчу 1-августта Катар өлкөсүндө медициналык текшерүүдөн өткөн соң, "ПСЖ" клубунун президенти Нассер Аль-Хелаифи менен жолугуп, 2-августта "ПСЖга" өткөнү тууралуу расмий түрдө жарыялайт. Буга чейин белгилүү болгондой, Неймар "ПСЖга" өтсө ал Qatar Sports Investment компаниясы менен келишим түзүп, Катарда 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун элчиси болот. Келишимдин негизинде Неймардын кызмат акысы 5 жылдын ичинде 300 миллион еврону түзөт", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин "ПСЖ" клубу Неймарды өзүнүн катарына чакырып, 222 миллион еврого сатып алууга даяр экенин билдирген.

Маалымдай кетсек, 29-июль күнү "ПСЖ" 2:1 эсеби менен "Монакону" утуп, Франциянын суперкубогун катары менен 5-жолу жеңип алды. Ошентип "ПСЖ" футболдук клубу Франциянын суперкубогун 7-ирет жеңип кетти. Белгилей кетсек, клуб суперкубокту 1995, 1998, 2013, 2014, 2015, 2016, 2017-жылдары жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
monok2001
2017-07-31 18:58:10
Кароче жакшы болуптур
0
kanatbekabytovich82
2017-07-31 19:15:01
Жакшы болуптур,урааа,месси,рональдо деген жиндилер бизде да толо болгону учун ушуга окшогон шакалдар уч жуз миллион еврого сатылып келатат,а эртетеден кечке жер казгандардын болсо .....аран курсагы тоет
-3
doping2
2017-07-31 19:35:47
kanatbekabytovich82,не мынча тушунуктуу жазгансын)))
+1
kanatbekabytovich82
2017-07-31 19:17:19
Энендурайын,ушул топ тепкен жиндилердин айынан 12- июльга чейин москвага баргандарды бир кундо регистрация кылдырышын керек деп каеча акча иштешти менттер менен жанакы ортомчу шакалдар???3500 руб тазасы дейт го,чалып регистрация жасайсынарбы десен,а таза эмеси канча десен 2500 деп,во шакалы....
-3
Isco22
2017-08-01 10:01:06
kanatbekabytovich82,муну футбол дейт
0
Arsenal2
2017-07-31 19:31:45
Эми кызык болот.келе жаткан сезон,неймар ПСЖ да хамес Баварияда.
-1
monok2001
2017-07-31 21:34:42
экс принцс реалдын Хамес,барсаныкы Неймар эле
0
Saidulla
2017-07-31 22:18:00
Барсанын фанаттарына көңүл айтам))
0
Ibanurkb
2017-08-01 00:23:33
Жаман болуптур чынында Барсада ойноп журо берсе болмок
0
akyl_fc.bd
2017-08-03 09:28:20
Неймардын ордуна Филипе Коутиньо же Усман Дембеле келсе болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан