Кичинекей баланын көлгө заара ушатканынан улам жергиликтүү тургундар менен эс алуучулар мушташып, окуя боюнча кылмыш иши козголду


Ысык-Көлдүн жээгинде жергиликтүү тургундар менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыкты. Окуя 28-июль күнү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы пансионаттардын биринде болгонун, алар эмнеден улам мушташканын SUPER.KG'ге Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов айтып берди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынан барган эс алуучулардын биринин 3 жаштагы баласы көлгө заара ушатып койгонун жергиликтүү тургундардын бири көрүп калган. Ал баланын атасына келип уулунун кылыгын айтканда атасы жергиликтүү тургунду чаап жиберген. Натыйжада ага болушуу максатында башка чоңураак балдар келип эс алып жаткан үй-бүлөнү сабап салышкан.

Усубакуновдун айтымында, эки тараптан тең бири-бирине каршы арыз түшүп, аталган факты боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Окуяда ата-энеси менен кошо сабалдым деген Айдай аттуу кыз социалдык түйүндөгү баракчасына окуянын кандай болгонун жазып чыкты.

"Күндүзгү саат 15:20 чамаларында 3 жаштагы иним ажатканага баргысы келип жатканын айтып, 300 метр алыстыкта жайгашкан коңшу пансионаттын ажатканасына агасы менен бирге чуркап кетти. Бирок жетишпей калып, тепкичке заара ушатып койду. Андан кийин эле бизге 9 жаштагы бала келип тазалап коюуну талап кылды. Биз "макул, тазалап коёбуз жана айып пулун төлөп беребиз" деп айттык. Бирок ага дагы эки жаш бала келип кошулуп, алардын көз алдында тазалап коюусун талап кылып туруп алышты. Баары балдардын кылган мамилесине шок абалда калышты. Андан кийин кайра атама келип "эркексиңби?, балдарыңа үйрөтүп койбойсуңбу, духуң жетеби?" деп катуу тон менен сүйлөштү. Атам жини келгенинен баланы түртүп жиберип, "барчы ары" деп койду. Алар ушуну күтүп турушканбы пансионаттын бардык кызматкерлери чуркап чыгышты. Атамды уруу үчүн жалпы 30дай адам чогулуп калды. Биз, апам, мен жана бир туугандарым балдарды атама жолотпогонго аракет кылганыбыз менен алар болбой эле келип атамды сабап салышты. Биз бөлүштүрүүгө аракет кылганыбызда бизди да сабашты. Тегеректе 60ка жакын аял, эркек карап турушту, алар үн катып коюшкан жок. Алардын токмогунан атамдын жаагы, менин мурдум сынып, апамдын мээси чайкалды", - деп жазган Айдай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
ayjan_90
2017-07-31 18:23:26
Менин атам уйротчу эле тилибиз чыгып чыга элек кезибизден сууга заара кылсанар аранардын кокурогу ооруйт шишип чыгат деп азыркылар аябай эркелетишет 3 жаштагы баласына сийгин келсе айтагой деп уйротпогонго
+10
Farhad.baku
2017-07-31 18:48:57
Ал туура эле барып айтыда тиги баласына болушуп урушуштуда
-2
AykaMer
2017-07-31 19:08:10
Эми балада,эч нерсени тушунбойт,эми кайталанбайт деп койсо болот ата сорой оолугуп кол которбой... Кичине баланын сийдиги наоборот дары да... Канчалаган адамдар суунун ичине жайласа да ким корот?! Кичине баланын заара ушатканы корунгон турбайбы,чиркиндики...
+8
Patriot7
2017-07-31 21:03:16
AykaMer, качан болсо тескерисин айтып чыгасын... Дары болсо сен иче бер, мен лично колду булгагандардын баарына каршымын, эс алгандарга дагы...
-1
Nurjam22
2017-07-31 21:46:07
Болунбо кыргыз болунбо,болунсон бору жеп кетет,болунуптур ушу деп, ботон элге кеп кетет.Эмне эле мынча болуносунор!Акыры кичине бир алакандай кыргызбызго.
+8
Medina87
2017-07-31 22:33:16
Мен озум Колдук эмесмин Тцштуктонмун.
Заара ушаткан баланын атасы 'Жарайт уулум, азыр Айдай кызым тазалап коёт. 3 жашар бала нени билсин, кыстап кетип билбестиктен заара ушатып койгон турбайбы"-десе баары жайында болмок. Менин жеке оюм.
+4
bars_wire
2017-07-31 22:55:04
Колдуктор баары эле жаман эмес арасында бар.Ото копоол мамиле кылышат.жада калса жанында турган кийимди байкабай калсан секин которуп кете берет.Чон Сары-Ойдо эс алып жургонубуздо машинаны култабай эле жанындагы кыргыз уйдо тамактанып чыксак 1пакет балдардын кийимин которуп кетиптир бир акмак.Бир жаш баланын сийдиги учун мушташпай ошо керкейген 1 чака сууну куйуп койсо болотда.ошо сийдик болгон жерге.колго сийген болсо деле кичине баланын сийдиги 100грамм чыгаар эч темке болмок эмес.
-4
Patriot7
2017-08-01 03:20:55
bars_wire, баары ошол эчтеке болбойт дегенден келип чыгат... Россия ж.б.коруп келип озунорду маданияттуу элестеттинер да ээ, маданият эмне экени боюнча бир грамм тушунугунор болбосо да... Колду силерге окшогон ..... булгап бутмой бллду...
+2
ayjan_90
2017-07-31 23:18:55
Озу былтыр текшеришкенго колдун суусунун канча проценти да сийдик аралашкан деп чыгышыты го чондор эле колдун ичине сийип салышат экендерго алынар ушул кичине балага жетиби
-3
surgeon777
2017-08-01 00:02:24
Бул окуя Фейсбукта жана элдердин айтуусу боюнча башкача жазылып жургон,тиги киши зонтик арендага берип иштетип жургон 9жашар баланын акчасын толобой чырылдаган баланын жаакка чаап,тээп жиберген,местный эмес любой киши болушат 9жашар балага,ошол жерде отургандардын баардыгы каяктык экендигине карабай баланын таламын талашкан,киши коркуп кызы менен ажаан аялынын артында турду телефон менен улам бироого чалып дешип атышкан,тааныштарым коп деп ..Суперге да чалган экен да)))
+6
Patriot7
2017-08-01 03:28:09
Макалада эс алган уй-булонун кызы Айдай деп бироонун интервьюсу кыстарылыптыр... Окусам бут эле калп корунду... Кудайдан коркпой кантип калп айтат тушунбойсун, дагы создорун озгортур, бет тырмачылык кылып коет уялбай... Корунуп турат кимдин ким экени... Эгер мага коюп берсе ушул уй-булону 1 айга камап салмакмын, кичине акыл киргиче.....
+4
nurbekasr
2017-08-01 05:45:36
Канчалаган чоң эле кишилер пляжда туалетке жетбей көлдүн ичине эле сийип салышат,ошолорду аңдып карап жатышбайбы десең,бир наристе балага күчүн көрсөтбөй.
+4
_adil_
2017-08-01 07:39:36
Эки жактатен куноо бар
+1
admin_superstan
2017-08-01 11:00:56
KIPCHAK-KALMAK, nurbekasr, ukmuw-ukmuw, KGstan1981, Gukush8993, kanatbekabytovich82, Kuba-savai87, gulmira96, Patriot7, аймактык бөлүү, бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
Жогорудагы статьялар менен провокация жараткандыгы үчүн Ibanurkb 10 күнгө БАН!
0
meni_kut
2017-08-01 11:37:34
кыздын жалган суйлоп атат,атасы тиги 9 жашар баланы тээп уруп салган экен
0
Beise
2017-08-01 14:03:58
Эс алуучуларга орой мамиле кылбаш керек озу, атайын тазалай турган кызмат бар да а биздики кып кыргызча да
-1
TazaKyrgyz
2017-08-02 02:55:41
Колдон айланайын колдуктордон айланайын ото маданиятты билген калк.Анча мынчага бузуку создор ото туура эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан