Немис футболчусу Бастиан Швайнштайгер бүгүн туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 1984-жылы 1-августта Германия федеративдик өлкөсүнүн Кольбермор шаарында төрөлгөн. Кичине кезинен тоо-лыжа спортун жактырып аны менен машыгып баштаган. Бир нече мелдештерге катышып мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн.
Бирок кичинекей Швайнштайгер 7 жашында лыжаны таштап футболду тандайт. Немис футбол жылдызынын алгачкы кадамдары “Розенхайм” спорт клубунда башталат.
Бастиан Швайнштайгер дароо ийгиликке жеткендиктен Германиядагы эң атактуу футболдук клубдун бири “Бавария” аны байкап, 14 жашында өзүнүн академиясына чакырып алат. 16 жашында Швайнштайгер “Бавариянын” 2-курамында ойноп баштайт. 2002-жылы алгачкы жолу Германия биринчилигинин оюнуна катышып, мыкты оюн көрсөткөнү үчүн машыктыруучусу Бастианды негизги курамада ойногонго чакырган.
Бастиан Швайнштайгер “Бавария” клубу 342 беттешке катышып, 45 гол киргизгенге үлгүргөн.
Бастиан Швайнштайгердин “Бавария” клубундагы жетишкендиктери:
Германия лигасынын 8 ирет чемпиону;
Германия кубогунун 7 ирет жеңүүчүсү,
Чемпиондор Лигасынын чемпиону;
УЕФАнын Суперкубогунун жеңүүчүсү;
Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү.
2015-жылы Бастиан Швайнштайгер англиялык “Манчестер Юнайтед” командасына өтөт. Ал 18 оюнга гана катышканга аргасыз болот. Анткени алмашууга чыккандардын арасында болуп калат. “МЮ” командасы менен Швайнштайгер 2015-жылы Англия кубогунун жеңүүчүсү болот.
Германия курама командасындагы карьераны айтып өтсөк, Бастиан Швайнштайгер алгачкы жолу 2004-жылы футбол талаасына чыккан. Алгачкы голун 2005-жылы Орусиянын курамасына киргизген. 2013-жылы Бастиан Швайнштайгер Германиянын мыкты футболчусу наамына татыган.
2014-жылы Филипп Лам карьерасын жыйынтыктаган соң Германия курамасынын капитаны болуп дайындалып, Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү болот.
Германия курамасы менен болгон жетишкендиктери:
Конфедерациялар Кубогунун коло медалынын ээси (2005);
Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси (2006, 2010);
Европа чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (2008);
Европа чемпиондугунун коло медалынын ээси (2012);
Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү (2014).
2016-жылы Бастиан Швайнштайгер сербиялык теннисчи Ана Иванович менен баш кошкон.
Ана 2008-жылы теннистеги ири мелдештердин бири "Ролан Гарростун" жеңүүчүсү болуп, ошол кезде дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган.
Бастиан Швайнштайгер менен Ана Иванович баш кошкон соң Ана карьерасын жыйынтыктайт. Ал эми Бастиан учурда карьерасын АКШнын “Чикаго Файр” футболдук клубунда улантууда.
1-августтун жылнаамасы.