Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эки мас киши люкка түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 31-июлда таңкы саат 7 чамасында Ключевая-Алиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. "Мас абалындагы 1988-жылы туулган эки адам люкка түшүп кетишкен. Куткаруучулар аларды аркан менен алып чыгарышты. Жабырлануучулардын абалы жакшы", - деп айтылат маалыматта.