Режиссёр жана продюсер Жеймс Кэмерондун убагында 11 “Оскарды” багындырган “Титаник” тасмасынын жарык көргөнүнө быйыл 20 жыл болду. Бул датанын урматына режиссёр “National Geographic” телеканалы менен биргеликте аталган тасма боюнча даректүү тасма тартуу алдында турат. Бул тууралуу өзү чет элдик маалымат каражаттарына маалымдаган.
Анын айтымында, жаңы фильм тартуунун негизги максаты “Титаникте” кайсы эпизод чыныгы факттан алынып жана кайсынысы ойдон чыгарылган сценарий менен тартылганын аныктоо.
"Мен чыныгы шедеврди жараткам. Колдон келишинче, жок дегенде кырсыктан каза болгондордун урматы үчүн болсо да тасманы факт менен тартууга аракет кылгам. Бирок ал менин колумдан келдиби, жокпу айта албайм. Мындан улам документалдуу тасма тартууга бел байладым", - деген ал.
"Титаник" тасмасы - 1912-жылы 14-апрелден 15-апрелге караган түнү кырсыкка кабылган "Титаник" кемеси тууралуу тартылган фильм жана режиссёр Жеймс Кэмерон тарткан 8-тасма.