Антонина Шевченко Лондондо өтө турган эрежесиз уруш боюнча мелдешке катышат

Улуу Британиянын Лондон шаарында 22-сентябрь күнү Кыргыз мамлекетинен чыккан спортчу Антонина Шевченко эрежесиз уруш боюнча "Phoenix 3 London" аттуу мелдешке катышат.

Маалыматка ылайык, мелдештин алкагында бокс, тай бокс жана ММАнын эрежесинде беттештер өткөрүлөт. Антонина Шевченко 61,2 килограммга чейинки жеңил салмак ченинде, ММАнын эрежеси боюнча британиялык Керри Хаджес менен күч сынашат. ММАнын эрежеси менен Антонина Шевченко буга чейин 1 беттеш өткөргөн, анда Антонина жеңишке жеткен. Керри Хаджес буга чейин 5 беттеш өткөргөн, 3 беттеште жеңишке жетсе 2 беттеште утулуу ызасын таркан.

Маалымдай кетсек, Антонина Шевченко тай бокстун эрежеси боюнча "Phoenix Fighting Championship" версиясынын чемпиондук курунун ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kg-kg-kg17
2017-08-01 21:53:07
Валентина Шевченко менен байланышы жокбу?
+1
Tima.92
2017-08-01 22:19:00
Kg-kg-kg17, Эжеси
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан