ИИМ: "2017-жылдын жарым жылдыгында 13 миңге жакын кылмыш жана кырсык катталды"

Өлкө аймагында 2017-жылдын жарым жылдыгында 12 908 кылмыш жана кырсык катталды. Мындай маалымат ИИМдин жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, жыйынга ички иштер министри Улан Исраилов, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын жетекчилери, борбордук аппараттын кызматкерлери, облустук, шаардык ички иштер башкармалыктардын жетекчилери катышты. Чогулуштун жүрүшүндө жылдын биринчи жарым жылдыгында ички иштер кызматкерлеринин оперативдик кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды.

"2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында 12 908 кылмыш жана кырсык катталып, 12 209 кылмыш иши козголгон. Өткөн жылдар менен 2017-жылдарды кошо эсептегенде 11 462 кылмыштын бети ачылган. Ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан 9 959 кылмыш иши иликтенип сотко жөнөтүлгөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан