Каракол шаарында 29 жаштагы Екатерина Лященко изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Екатерина Лященко ушул жылдын 27-июль күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
"Бизге Екатерина Лященконун апасы арыз менен кайрылды. Анын айтымында, кызы Каракол шаарындагы банктардын биринде иштечү. Азыркы тапта табыла элек. Эгер аны көрүп-билгендер болсо милицияга кабарлап койсоңуздар", - деди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.
Туугандарынын айтымында, Екатерина Лященко 3 баланын энеси. Үйүндө жакындары, жолдошу күтүп жатат. Ал 27-июль күнү жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, ошол бойдон үйүнө барган эмес.